Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

УКМК Талас шаарындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирди


Талас шаары
Талас шаары

Улуттук коопсуздук комитети Талас шаарынын мэриясына караштуу коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципиалдык ишканада коррупциялык схема аныкталганын 19-апрелде билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, аталган ишканада бюджеттик каражаттар эсептен негизсиз чыгарылганы аныкталып, бөгөт коюлган.

Аудиттик текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгында мамлекетке 6 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган. Фактыга тиешеси бар кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Эсеп палатасы 2022-жыл ичинде Талас шаарынын мэриясы менен анын карамагында турган муниципиалдык ишканаларда 292 млн 211,7 сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирген.

Кийинчерээк шаардык мэрия салык отчету туура эмес толтурулуп калганын жана ал көйгөйлөр толугу менен жоюлганын, айрым маалыматтар чындыкка дал келбесин белгилеген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG