Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Жогорку сот Бишкекте митингдерге тыюу салган чечимди күчүндө калтырды


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

19-апрелде Жогорку сот адвокат Бактыбек Жумашевдин бийликтин Бишкектин борбордук аянттары менен көчөлөрүндө митингдерге тыюу салган чечими боюнча кассациялык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Адвокаттын “Азаттыкка” берген комментарийине караганда, Жогорку сот борбордо тынч жыйындарга тыюу салуу боюнча буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту чыгарган токтомдорду күчүндө калтырды.

“Соттун бул чечимдери толугу менен мыйзамсыз. Ал биздин Конституцияга, анын талаптарына жана “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга да каршы келет”, - деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул эле райондун администрациясынын тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 29-мартта карап, канааттандырган чечим чыгарган. Аны 15-апрелде Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Райондук администрациянын 29-марттагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-апрелден 30-июнга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылат.

Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакча.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер, Ички иштер министрлигинин алды.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG