Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Украинада ракеталык чабуулдан адамдар каза болду, Зеленский союздаштарга кайрылды


Днепр шаары. 2024-жылдын 19-апрели.
Днепр шаары. 2024-жылдын 19-апрели.

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 19-апрелде да өлкөсү Орусиянын адам өлүмүнө алып келген кезектеги ракеталык чабуулдарына кабылган окуядан кийин Батыштагы союздаштарына жана өнөктөштөрүнө кайрылып, абадан коргонуу системасына кошумча жардам сурады.

"Украинага абадан коргонуу системасын берип жаткан, мындай системалар кампада жатпастан, террорго кабылган реалдуу шаарларга жана конуштарга жөнөтүлүшү керектигин өнөктөштөрүбүзгө айтып, ынандырып жана биздин коргоо тармагыбызга колдоосун көрсөтүп жаткан ар бир өлкө – өмүрдүн сактап калуучусу", - деди Зеленский.

19-апрелде орус армиясы Украинанын шаарларын жана энергетикалык инфраструктурасын бутага алды. Днепр шаарында кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды, 25 киши жараат алды, үйлөр кыйрады.

Кривой Рог шаарында ракеталык чабуул жасалган жерде өрт чыгып, кеминде үч киши жараат алды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG