Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кыргызстандын "Жардам кербени-2" дарегине жетти


Кыргызстандан жиберилген гумжардам. Казакстан. Апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандан жиберилген гумжардам. Казакстан. Апрель, 2024-жыл.

Казакстандын суу каптоодон жабыркаган аймактактарына Кыргызстандан "Жардам кербени-2" деп аталган гуманитардык жүк жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымдашынча, 18-апрелдин кечинде гумжардам жүктөлгөн автоунаалар Казакстандын Актау шаарына жетти. Бул гумжардамдын акыркы, бешинчи пункту болду.

Маалыматка ылайык, 150 тонна сүт азыктары жүктөлгөн автоунааларды Мангыстау облусунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Мурат Муханов тосуп алып, оор учурда казак элинен жардамын аябаган боордош кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстандан барган кезектеги "Жардам кербени" Казакстандын суу ташкындан жабыркаган аймактарына - Костанай, Актөбө, Орал, Атырау жана Мангыстау облустарына бөлүштүрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, гумжардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жиберилди. Гуманитардык жардам кыргызстандыктардын күчү менен жыйналган, кошумча президенттик фонддон бөлүнгөн акчага алынган.

"Жардам кербени" деп аталган гумжардамдын алгачкы партиясы Казакстанга 6-апрелде жиберилген. Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен 15 фура 6-апрелде жолго чыккан. Андан тышкары 10 куткаруучу да жөнөтүлгөн. Кыргызстандан барган гумжардам Казакстандын төрт облусуна бөлүштүрүлгөнү кабарланган.

Казакстанда алты аймакта төрт миңге жакын үйдү суу каптап, 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Суу ташкындан жалпы жети адам набыт болгону кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG