Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Казакстан: Суу ташкындан кийин бийликти сындаган эки киши абактан чыкты


Казакстан. 2024-жылдын 5-апрели.
Казакстан. 2024-жылдын 5-апрели.

Казакстанда сел каптаган аймактарда түзүлгөн абалга байланыштуу бийликти сындагандан кийин камакка алынган эки киши боштондукка чыкканын 18-апрелде «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. Административдик жазага тартылгандардын бири 10 күн, экинчиси алты күн камакта болду.

Костанай шаарынын тургуну, үйүн суу каптаган Кайрат Мусабаев өлкө президентине кайрылып, 6-апрелде видеосун «Инстаграмга» жарыялаган. Анда ал бийликти эмоционалдуу сындап, катуу сүйлөгөн, миңдеген киши мүлкүнөн айрылганы үчүн президент жеке өзү жооптуу деген пикирин билдирген. «Коомдук жердеги ыплас сөздөрү үчүн» деген негизде аны он күнгө камашкан.

Ал эми Павлодарда Акылбек Темиргалиев аттуу жергиликтүү тургун «Фейсбук» баракчасына кийинки жылы деле ушундай абал түзүлөрүн, президент убадасын берип тим болорун, 30 жылдан бери ошондой болуп келе жатканын жазган. Ал алты күнгө камалып чыкты.

Март айынын соңунда Акмоло облусунун Коянды айылында үй жайын суу каптаган жергиликтүү тургундар бийликтен жардам сурап, жол торогондо, ал жерге полициянын атайын бөлүгү жөнөтүлгөн. Акцияга чыккандарга айыппул салынган. Сот акция өткөрүү тууралуу беш күн мурда маалымдама берилиши керек болгонун, мыйзам талабы ошондой экенин жүйө келтирген.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар болуп жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 118 миңдей киши эвакуацияланды, 7 миңге жакын үйдү суу каптады.

Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда каза болгондор жети киши экенин 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев тастыктаган.

4-апрелде Батыш-Казакстан облусуна президент Токаев барып, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган жана кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону себеп экенин айткан.

Адистер Казакстан азыркыдай суу каптаган абалга 80 жылдан бери тушуга электигин айтып жатышат.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, бир нече адам дайынсыз болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG