Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин иши жанданат


Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы Таластагы "Кичи-Капка" жана Чүйдөгү "Камышановка" өткөрүү пункттарынын иши жанданат. Ал үчүн биргелешип иш жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу 19-апрелде Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген брифингде айтылды.

Анда кошумча чек ара бекеттеринин ачылышы эки тараптуу сооданын жүрүшүн жакшыртууга жана өткөрүү пункттарындагы көп байкалып келген тыгынды жоюуга өбөлгө болору белгиленди.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилешти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү жыйынтыгы катары эки өлкөнүн элдеринин түпкү таламдарына жооп берген "Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө" Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимге кол коюлушун атады.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, кыргыз-казак лидерлеринин жолугушуусунда экономика, соода, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды.
Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңы өкмөттөр аралык келишимге кол коюлуп, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров тараптар мамилелердеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү бекемдеп, аларды стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка ылайык жаңы сапаттык мазмун менен толуктай алды деген ишенимин билдирди.

19-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын лидери Садыр Жапаровго Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – І даражадагы «Достык» ордени ыйгарылды. Жарлыкта сыйлык "Казакстандын жана Кыргызстандын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" берилгени белгиленген.

Кыргызстандын мамлекет башчысы казак лидеринин чакыруусу менен барган эки күндүк сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казак-кыргыз мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышары, эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болору кабарланган.

Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүк ташуучу автоунаалар чек арадагы өткөрмө бекеттерде топтолуп, бир нече күндөп кезек күткөн учурлары бир топ жылдардан бери катталып келет. Эки өлкө бири-бирин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын так аткарбайт деп айыпташкан.

Марттын башында казак тарап Кыргызстанда сертификацияланган товарларды киргизүүгө өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Тиешелүү министрлик кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй, уруксат кагаздарды да эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирген. Кийинчерээк cүйлөшүүлөрдөн соң казак тарап ал токтомду токтоткону маалымдалган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG