Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

19-апрель: Жапаровдун Астана сапары, митингди тыюу, Израил-Иран чатагы


Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.

19-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Эки чек ара бекетинин иши жанданат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада кыргыз-казак чек арасындагы “Кичи-Капка” жана “Камышановка” өткөрүү пункттарынын ишин жандандырууну макулдашты. Эки өлкөнүн чек арасында соңку жылдары автоунаалардын кезеги үзүлбөйт. Айрыкча жаз-жай айларында Казакстан тарапка бараткан жүк ташуучу машинелер чек арада толуп кетет. Ушул тапта эки өлкөнүн ортосунда он чакты көзөмөл-өткөрмө пункту бар. Анын ичинде эл аралык “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары, эки тараптуу “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды”, “Каркыра”, "Чаар-Кудук" бекеттери иштеп келген.

  • Бишкекте митингдерге тыюу салган чечим күчүндө калды

Жогорку сот адвокат Бактыбек Жумашевдин бийликтин Бишкектин борбордук аянттары менен көчөлөрүндө митингдерге тыюу салган чечими боюнча кассациялык арызын канааттандыруудан баш тартты. Жогорку сот борбордо тынч жыйындарга тыюу салуу боюнча буга чейин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту чыгарган токтомдорду күчүндө калтырды. Адвокат муну мыйзамсыз деп атады. Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат.

  • Израил Иранга жооп кылып, ракета менен аткылаганы кабарланды

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай жарылуулардын үнү Исфахан шаарынан алыс эмес жерде угулду. Би-би-си FARS агенттигине шилтеме берип маалымдагандай, жарылуулар Исфахандагы эл аралык аэропорттун жанында, Куралдуу күчтөрдүн базасы тарапта болгон. Жергиликтүү басылмалар үч жолу жарылуу болгонун маалымдашты. FARS агенттиги абадан коргонуучу системасы ракеталарды эмес, учкучсуз учактарды атып түшүргөнүн жазды. Жарылуунун кесепетинен бир катар кеңсе имараттарынын терезелери талкаланган. Исфахан провинциясында Ирандын бир нече өзөктүк объекттери жайгашканын Reuters билдирди. Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аэропорту убактылуу жабылганы айтылууда.

  • Кыргызстан жарандарына Жакынкы Чыгышка барбай турууну эскертти

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарын Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестинанын аймактарына барбай турууга чакырды. Министрлик бул өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар кырдаал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүшү керек экенин белгиледи.

  • Украинада ракеталык чабуулдан кишилер набыт болду, Зеленский союздаштарына кайрылды

Украин президенти Владимир Зеленский Батыштагы союздаштарына жана өнөктөштөрүнө кайрылып, абадан коргонуу системасына кошумча жардам сурады. "Биздин коргоо тармагыбызга колдоосун көрсөтүп жаткан ар бир өлкө – өмүрдүн сактоочусу", - деди Зеленский. Орус армиясы украин шаарларын жана энергетикалык инфраструктурасын бутага алды. Днепр шаарында кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды, 25 киши жараат алды, үйлөр кыйрады. Кривой Рог шаарында ракеталык чабуул жасалган жерде өрт чыгып, кеминде үч киши жараат алды.

  • Польшада Навальныйдын шакирти Леонид Волковго кол салууга шектүүлөр кармалды

Литванын президенти Гитанас Науседа Польшага "мыкты аткарылган иш" үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул өлкөнүн президенти Анжей Дуда менен сүйлөшкөнүн, шектүүлөр тийиштүү процедуралар аяктагандан кийин Вильнюска өткөрүлүп берилерин айтты. Науседа кармалгандар ким экенин тактап айткан жок. Буга чейин айрым маалымат булактары алардын артында орус бийлиги турарын жазып чыккан. Быйыл 16-февралда орус түрмөсүндө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы фонддун жетекчилеринин бири Леонид Волков Вильнюс шаарында жашайт.

  • Казакстан: Суу ташкындан кийин бийликти сындаган эки киши абактан чыкты

Казакстанда сел каптаган аймактарда түзүлгөн абалга байланыштуу бийликти сындагандан кийин кармалган эки жарандын бири 10 күн, экинчиси алты күн камакта болду. Костанай шаарынын тургуну, үйүн суу каптаган Кайрат Мусабаев өлкө президентине кайрылып, 6-апрелде видеосун «Инстаграмга» жарыялаган. Анда ал бийликти эмоционалдуу сындап, катуу сүйлөгөн, миңдеген киши мүлкүнөн айрылганы үчүн "президент жеке өзү жооптуу" деген пикирин билдирген. «Коомдук жердеги ыплас сөздөрү үчүн» деген негизде аны он күнгө камашкан. Ал эми Павлодарда Акылбек Темиргалиев «Фейсбук» баракчасына кийинки жылы деле ушундай абал түзүлөрүн, президент убадасын берип тим болорун, 30 жылдан бери ошондой болуп келатканын жазган. Ал алты күнгө камалып чыкты.

  • Эки балбан Париж Олимпиадасына лицензия алды

Бишкектеги Арена спорт комплексинде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алды. Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекзат лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 3:3 менен уттту. 65 кг салмакта Эрназар Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы 5:3 менен жеңип, Олимпиадага жолдомо алды. Ушуну менен 2024-жылкы Париж оюндарына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG