Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстанда эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду


Кармалган киши жана анын үйүнөн табылган баңгизаттын бир бөлүгү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган киши жана анын үйүнөн табылган баңгизаттын бир бөлүгү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон кылмыш ишинин алкагында баңги затын коңшу мамлекеттерге жеткирүүчү эл аралык канал уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 грамм болгон ооган тектүү "чарс" баңги каражаты табылды. Аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңги заттар үчүн база катары кызмат кылып, апта сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелдеги билдирүүсүндө Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирген. Ал былтыр жана быйыл жыл башынан бери 12 милиция кызматкери баңгизат соодасына байланыштуу кармалып, жоопко тартылганын тактаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы бир, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы синтетикалык маңзат өндүргөн төрт лаборатория аныкталган.

2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG