Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Орусиянын аймактарында 50 дрон атып түшүрүлдү, соккулардан эки киши өлдү


Украиналык аскерлер дрон менен. Иллюстрациялык сүрөт.
Украиналык аскерлер дрон менен. Иллюстрациялык сүрөт.

20-апрелге караган түнү Орусиянын сегиз аймагында кеминде 50 дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлап, муну үчүн Украинаны айыптады.

Мекеме билдиргендей, 26 дрон Белгород облусунда, 10 дрон Брянск, 8 дрон Курск, 2 дрон Тула облустарында жана Смоленск, Рязанск, Калужск, Москва облустарында бирден дрон атып түшүрүлгөн.

Белгород облусунун Пороз деп аталган айылында учкучсуз учактар таштаган жардыруучу заттардан жеке турак жай өрттөнүп, эки адам каза болду. Калужск жана Брянск облустарында учкан дрондор энергетикалык объектилерге зыян келтирген. Смоленск облусунда күйүүчү-майлоочу кампа күйүп кеткен.

Орус аскерлеринин Украинага каршы кеңири масштабдагы кол салуусу башталган 2022-жылдан бери Орусиянын өзүнүн аймактары да ар кандай аткылоолорго жана дрон чабуулдарына кабылып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги муну үчүн украин тарапты айыптап, ракеталар жана дрондорду атып түшүрүп жатканын маалымдап турат. Ошол эле маалда мындан кыйроолор жана курмандыктар да катталып турат. Бул чабуулдардын көбүнө Киев эч кандай комментарий бербейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG