Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Өзбекстандын театры Султан Раевдин кезектеги пьесасын сахнага алып чыкты


Бухара облустук драма театрынын Султан Раевдин “Маң” пьесасын аткаруу учурунан. Апрель, 2024-жыл.
Бухара облустук драма театрынын Султан Раевдин “Маң” пьесасын аткаруу учурунан. Апрель, 2024-жыл.

Өзбекстандын Бухара облустук драма театры кыргызстандык жазуучу Султан Раевдин “Маң” пьесасын өзбекче “Овсар” аталышында сахнага алып чыкты. Бул тууралуу жазуучу өзү Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Спектаклди режиссер-коюучу, өзбекстандык белгилүү театр режиссеру Лазиз Новрузов койсо, сүрөтчүлүк милдетти Фарход Хатамов аткарган.

Раев автор катары коюлган спектаклди “өтө жогорку деңгээлде” деп баалап, анын формасын, мазмунун, режиссердук интерпретациясын, актерлордун чеберчилигин жана башка нерселерин белгилеп өттү.

“Маң” пьесасынынын өзөгүн Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы кадимки Казангаптын өлүмү, анын сөөгүн ыйык жайга алып бараткандагы окуя, көрүнүш түзөт. Пьесаны буга чейин Кыргызстандын да бир нече театрлары сахнага алып чыккан.

Өзбекстандын театрлары буга чейин Султан Раевдин башка пьесаларын да сахналаштырып келген. Анын ичинде жазуучунун “Ханышанын көз жашы”, “Барс бек”, “Илегилек” “Топон” драмалары да коюлган.

Кыргыз эл жазуучусу, драматург, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевдин чыгармалары мурдараак Казакстандын онго жакын театрында, Орусиянын Нальчик театрында, Лондон театрында жана башка өлкөлөрдүн театрларында да коюлган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG