Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

"Жаңы ысымдар" студенттик театр фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


"Жаңы ысымдар" эл аралык студенттик театр фестивалынын катышуучулары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Жаңы ысымдар" эл аралык студенттик театр фестивалынын катышуучулары. Иллюстрациялык сүрөт.

16-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн "Жаңы ысымдар" деген аталыштагы IX эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Төрт күнгө созулган эл аралык фестивалда “Мыкты спектакль” номинациясы боюнча баш байгени Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери “Кара чапан” спектакли менен жеңип, 100 миң сом сыйлыкка ээ болду.

Ушул эле номинацияда Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын студенттери “Машырбек үйлөнөт” спектакли менен биринчи орунду, М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын студенттери “Кымгуут жерде” спектакли менен экинчи орунду жана Т. Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын студенттери “Карышкыр улуган түндө” спектакли менен үчүнчү орунду алды. Алар 70 миң, 50 миң жана 30 миң акчалай сыйлык алышты.

Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Щепкин окуу жайынын студенти Эрлан Борошев, аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Казак улуттук искусство университетинин студенти Саида Сагинова сыйланды.

Мындан сырткары “Жаштардын эң мыкты устаты” номинациясы Щепкин атындагы жогорку окуу жайынын мугалими Людмила Новиковага берилди. Ошондой эле “Эң мыкты театр сыны”, “Эң мыкты драматургия” боюнча да жеңүүчүлөр аныкталса, чыгармаларды көркөм окугандар да сыйлыктан четте калган жок.

Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.

Фестиваль 2021-жылдан тартып "эл аралык" макамга ээ. Быйыл ага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнүн студенттери өз өнөрлөрүн калыстар тобунун сынынан өткөрүштү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG