Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына лицензия алды


Мээрим Жуманазарова
Мээрим Жуманазарова

Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова лицензия алды.

Ал 20-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн мелдеште 68 кг салмакта лицензия үчүн күрөштө өзбекстандык балбан кыз Набира Эсенбаеваны 7:2 менен утту.

Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

19-апрелде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG