Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Жалал-Абадда дагы 40тан ашык үйдү сел каптады


Ноокен районундагы суу каптоо. Видеодон алынган скриншот.
Ноокен районундагы суу каптоо. Видеодон алынган скриншот.

21-22-23-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунда жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колоттордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды.

Мунун алдында ушул эле райондун Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди. Ушундан улам айылдын тургундарын эвакуация кылуу чечими кабыл алынып, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жаткан.

Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылып, кооптуулук жаралган аймакта жашаган жарандарды коопсуз жайга эвакуциялап, тактоо жумуштарын колго алышты.

Сел жүргөн жерге райондук жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29 инженердик техникасы тартылып, кооптуу жагдай убактылуу жоюлду.

22-апрелде облустун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырдаалынан жаралган абал менен таанышып, тийиштүү ыкчам чара көрүү тапшырмаларын койду.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.

Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG