Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Садыр Жапаров Азербайжанга барат


Президент Садыр Жапаров учакта. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров учакта. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу Президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат. Муну менен катар Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Кыргыз президенти Баку шаарына былтыр 24-ноябрда да барып, Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушкан.

Андан бир ай мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкек шаарына келип кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG