Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Аксы районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды


Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук базар. УКМК тараткан сүрөт.
Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук базар. УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын мурда мэриянын карамагында болгон борбордук базарын Б.М. аттуу жаран мыйзамсыз пайдаланып келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде базар аталган жаранга 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ал базардын коммуналдык кооператив менен болжолдонгон сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошо баштаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 га болгон Кербен шаарынын борбордук базары, мал базар, дан базар, жайма базар жана унаа базар 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган.

Мындан улам тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Б.М. аттуу жаран аталган базарды Кербен шаарынын муниципалитетине ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Аталган объекттин базар наркы болжол менен 23 млн сомго бааланууда.

УКМК Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен борбордук автобекет мамлекетке өткөнүн 19-апрелде билдирген. Анын алдында Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат 25 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылган.

Март айында Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси административдик имараты менен бирге ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG