Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Мэр Ататүрк паркындагы жердин баары мыйзамсыз берилгенин айтты


Ататүрк паркындагы курулуштар. Бишкек.
Ататүрк паркындагы курулуштар. Бишкек.

Мэрия Бишкек шаарындагы Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багындагы курулуштарды, турак жай салуу боюнча мурда берилген мыйзамсыз токтомдордун баарын жокко чыгарган токтом боюнча ишин улантат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 23-апрелде Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бул жерде "мыйзам артка карай иштебейт" деп айтып атасыздар, Ататүрк паркынан турак жайга жер тилкесин берип, ага Кызыл китеп чыгарган бир да мэр Ататүрк паркынын чек арасы тууралуу 1992-жылкы токтомго өзгөртүү киргизген эмес. Демек, берилген жерлердин баары мыйзамсыз. Биз учурда Ататүрк паркынын ошол мезгилдеги чек арасын кайтарууну максат кылганбыз, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошол кезде эле жерди берип аткандар да, ал жерди алып, турак жай кургандар да мыйзамсыз, коомдук кызыкчылыкка каршы иш кылып жатканын билишкен. Биз мыйзам боюнча баарын кайра ордуна коёлу деп чечтик. Мыйзамда көрсөтүлгөн кадамдар менен баратабыз. Эгер курулуштарды мыйзамсыз деп тапкан болсок, аларды сүрдүрүп, паркты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт", - деди мэр.

Мэр Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Шаар башкармалыгы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө. Ага ылайык, Бишкек шаардык администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы №225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Мэр аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Кыргызстанда мурдагы Достук, учурдагы Ататүрк паркынын бир бөлүгү жер тилке катары сатылып кетиши соңку 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан маселе. Шаардын борборундагы бак-дарактуу бул тилкелер негизинен мурдагы жана учурдагы чоң кызматты ээлеген адамдарга берилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG