Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Футзал: Кыргызстан чейрек финалда Иран менен ойнойт


Кыргызстан менен Түштүк Кореянын спортчуларынын оюну.
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын спортчуларынын оюну.

Тайланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан футзал боюнча 2024-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Түштүк Кореянын спортчулары менен тең чыкты. 22-апрелде болгон оюн 5:5 эсебинде жыйынтыкталды.

Ошентип, Кыргызстан С тайпасында 5 упай топтоп, экинчи орун менен чейрек финалга чыкты. Эми 24-апрелде Иран курамасы менен ойнойт.

Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн.

Кыргызстандык футзалчылар 18-апрелде Азиянын учурдагы чемпиону Жапонияны 3:2 эсебинде утуп алган. 20-апрелде Тажикстандын спортчулары менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын болсо, 2010-жылдан тартып, эки жылда бир жолу Кубоктун ээси аныкталат. Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелден 28-апрелге чейин болот. Ага 16 команда катышууда. Тайпалык оюндардан кийин плей-оффко 8 команда чыкты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG