Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Украинага жардам мыйзамы Сенатта добушка коюлат


Владимир Зеленский жана Жо Байден. Архивдик сүрөт.
Владимир Зеленский жана Жо Байден. Архивдик сүрөт.

АКШ Конгрессинин Сенатында бүгүн 23-апрелде Украина үчүн дээрлик 61 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болот. Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан.

Президент Жо Байден кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет. 22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык президент Кошмо Штаттар «Украинанын согуштагы жана абадан коргонуудагы чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коопсуздук боюнча олуттуу жаңы жардамды тез арада жөнөтөрүн» билдирди. Байдендин айтымында, аталган мыйзамга ал «Сенат жактырар замат кол коет».

Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди, бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды кайтарылгыс насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG