Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Чукул билдирүү: Дарыялар кирип, тоолуу аймактарда сел жүрөт


23-апрелден 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайына жана нөшөргө байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт, дарыяларда суу кирет.

24-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG