Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

UNRWA агенттигинде бейтараптуулук боюнча маселе бар экени белгиленди


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) ишин талдап чыккан көз каранды эмес байкоо тобу гуманитардык бейтараптуулук маселесинде айрым көйгөйлөр бар деген тыянакка келди.

Топтун 22-апрелде жарыяланган баяндамасында аталган агенттик “бейтараптуулуктун гуманитардык принцибинин сакталышын камсыз кылуучу көптөгөн механизмдерге жана процедураларга” ээ экени, бирок айрым “өтө олуттуу багыттарда” көйгөйлөр дале бар экени белгиленди.

Баяндаманын корутундусунда 50 чакты сунуш берилди, бирок Израил бул агенттиктин кызматкерлери террордук уюмдар менен байланышта экени тууралуу билдирүүлөрүнө далил бере электиги маалымдалды.

54 беттен турган баяндамада агенттик “палестиндердин адамдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн алмаштырылгыс” бирикме экени белгиленди.

Байкоо тобу быйыл январда Израил UNRWA агенттигинин кызматкерлери ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) 2023-жылдын 7-октябрдагы чабуулуна катышкан болушу ыктымал деген айыптоосун койгондон кийин түзүлгөн.

Израил UNRWA агенттигин ХАМАСтын «террордук аскер машинасынын» бир бөлүгү деп айыптаган, Газада агенттиктин кеңсеси жайгашкан жердин алдында ХАМАСтыкы деген туннелдерди көрсөткөн, анын кызматкерлери октябрдагы кол салууга катышкандар арасында болгонун да айтып чыккан.

Агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаззарини Израилдин талаптарынан улам агенттик жабылып калышы ыктымал болуп жатканын, буга жол бербөө керек экенин айтып 17-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылган жана эгер иш токтосо эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу кесепети болушу ыктымал экенин эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG