Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Мэр Бишкекте күн сайын 6-7 млн сом жол кире чогуларын билдирди


Муниципалдык автотранспортторго талондорду жана электрондук акы төлөөчү терминалдарды киргизүү менен күн сайын төлөнгөн жол киренин суммасы эселеп өскөнүн Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Бул тууралуу мэр Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Күн сайын 6-7 млн сом жол кире чогулуп жатат. Мунун баарына биз тыкыр текшерүү жана көзөмөлдүн аркасында жетишип отурабыз", - деди Жунушалиев.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күн сайын 616 автобус жана 115 троллейбус чыгып жатат.

Жыйынга катышып отурган вице-мэр Мирлан Байгончоков автобустардын колдонулуу мөөнөтүн узартуу үчүн жол кирени көтөрүү зарылдыгын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, жол кире 25 сомго көтөрүлсө, автобустар 8-10 жылда өзүн актайт.

Бишкекте муниципалдык автобус жана троллейбустарда жүрүү акысы 17-20 сом. Бул тариф жаңы жылдан кийин киргизилген. Пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн акысыз. Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жеңилдетилген төлөм карталары бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG