Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

«Эркин Европа/Азаттык» жана Казакстан бийлиги медиациялык келишимге жетишти


«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын башкы кеңсеси. Прага шаары.
«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын башкы кеңсеси. Прага шаары.

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясы Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен «Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисттерине бул өлкөдө иштөөсүнө уруксат берүү (аккредитация) маселесине байланыштуу медиациялык келишимге жетишти.

«Биз Тышкы иштер министрлиги менен жетишилген бул келишимди кубаттайбыз. Бул процесс башталгандан бери биз журналисттерибиз Казакстандагы маанилүү ишмердүүлүгүн коопсуз жана кандайдыр бир шарт коюлбаган жагдайда уланта берүүсүнө гана умтулуп келдик. Биз аудиториябызга дагы эле көз каранды эмес, ишеним артыла тургандай репортаждарыбызды сунуштоого умтулуудабыз жана мен бул келишим дал ошондой иштөөбүзгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем», — деди 23-апрелде «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Стивен Капус.

Быйыл январь айында Казакстандын тышкы саясат мекемеси «Азаттык» радиосунун казак кызматынын 36 кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартып койгон. Алардын айрымдарынын катталган мөөнөтү 2022-жылдын соңунан бери узартылбай келет. «Азаттык» буга байланыштуу сотко кайрылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG