Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

Иранда аялдардын укугу үчүн митингге катышкан соң кармалган ырчыга жаңы өкүм чыкты


Саман Ясин. Архивдик сүрөт.
Саман Ясин. Архивдик сүрөт.

Иранда кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча митингдерге катышкандан кийин камакка алынган ырчы Саман Ясиндин өкүмү өзгөртүлдү. «Фарда» радиосу 23-апрелде кабарлагандай, Тегерандын Ислам революциялык соту аны беш жылга эркинен ажыратты.

Өкүмдө ырчы жаза мөөнөтүн Керман шаарындагы абакта, башкалар менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок шартта өтөй турганы айтылды.

Адвокат Хосейн Сартипи X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) «Саман Ясин өлүм жазасынан куткарылды» деп жазды, бирок анын күнөөсү жоктугун, андыктан өкүмгө каршы дагы арызданарын билдирди.

25 жаштагы рэп аткаруучу Саман Ясин камакка 1,5 жыл мурда алынган. Эки ай мурда ал бийликке «мени бекер кармап отурганча жанымды алгыла» деп кайрылган. Instagram баракчасына жарыялаган катында кандай айып тагылганы белгисиз экенин, абакта ур-токмокко жана психологиялык кыйноого кабылып жатканын билдирген.

Ал «Сот бийлигинин мага карата мынчалык каарданып, куугунтукка алып, кыйнаган себебин түшүнбөй жатам» деп белгилеп, «Айтыңыздарчы, мен эмне кылмыш жасадым? Мени өлүм жазасына тарткыла. Өзүм да, силер да билбеген айып үчүн түрмөгө жана белгисиздикке кантип чыдашым керектигин билбей жатам. Жанымды алып тынгыла», - деп жазган.

Ирандын сот бийлигинин маалымат агенттиги Ясинге «Кудайга каршы согуш жүргүзүү» деген айып тагылганын билдирген. Бул айыптын негизинде Тегерандын революциялык соту аны өлүм жазасына буюрган.

Бирок Жогорку сот Ясиндин апелляциялык арызын кабыл алып, ишти Революциялык сотко кайра кароого жөнөткөн. Ошондон бери иш карала элек болчу.

2022-жылы 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG