Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Женевада "Түрк маданиятынын жумалыгы" өтүп жатат


"Түрк маданиятынын жумалыгынын" катышуучулары. Женева. 23-апрель, 2024-жыл.
"Түрк маданиятынын жумалыгынын" катышуучулары. Женева. 23-апрель, 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы штаб-үйүндө "Түрк маданиятынын жумалыгы" башталды.

Жумалыкты Түрк мамлекеттер уюму, Түрк маданияты жана мурасы, Түрк академиясы менен биргеликте ТҮРКСОЙ уюму уюштурган. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Султан Раев "Азаттыкка" билдирди:

"Бул биз үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени БУУнун штаб-кеңсесинде түрк маданиятын, түрк элдеринин руханий баалуулуктарын, өзгөчө өнөрүн көрсөтүү, түрк маданиятын таанытуу боюнча аракеттерибиздин чоң бир багыты. Кечээ иш-чаранын ачылышы чоң резонанс болду, аябай жакшы, жылуу пикирлер айтылды. Анткени БУУнун штаб-квартирасында алгачкы жолу ушундай маданий иш-чара өтүп жатат".

Султан Раевдин маалыматына караганда эки күндүк иш-чаранын ачылышы 22-апрелде болгон, 23-апрелде гала-концерт өтөт.

Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын искусство чеберлери, кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр катышууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG