Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Имамидин Ташов бир айга камакка алынды


Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.
Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, кармалган ишкер Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын карап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 22-майга чейин камакка алды.

Атайын кызмат аны 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылдын октябрында кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин, ошол эле жылдын 8-декабрында үй камагына чыккан.

2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Ишкер УКМКнын маалыматтарынан кийин кайрадан кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан. Ошондон кийин анын кайда экени белгисиз болчу.(ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG