Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Британиялык компания Кыргызстанда суу каналдарын каптоочу материал өндүрөт


Бакыт Төрөбаев менен Дэвид Кэмерон Concrete Canvas компаниясынын өнүмүн көрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. 23-апрель, 2024-жыл.
Бакыт Төрөбаев менен Дэвид Кэмерон Concrete Canvas компаниясынын өнүмүн көрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. 23-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Concrete Canvas компаниясы Кыргызстанда өндүрө турган суу каналдарын каптоочу геосинтетикалык материал менен таанышты.

Жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарган британиялык компаниянын материалдары каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Суу тийери менен катып калган материалды ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору болуп саналат.

Бакыт Төрөбаев британиялык компания Кыргызстанга 15 млн долларлык инвестиция салганын, азыр келишим даярдалып жатканын, завод Оштун Араван районундагы цемент заводдун жанына куруларын билдирди. Ишкана жакынкы 2 жыл ичинде ишке кирет жана Кыргызстан андан жылына 1,5 млн чарчы чакырым материал сатып алат.

“Биздин 30 миң чакырымдык каналыбыз бар. Мунун 11 миң чакырымы жалаң жерге салынган, эми бетон же башка нерсе менен бекемдеш керек. Ошондуктан ушул технологияны ишке киргизели деп жатабыз. Буга эч кандай бетондоонун кереги жок. Суу тийгенден кийин эле катып калат, 50 жылга түтөт. Суу да сиңип кетпейт”, – деди Бакыт Төрөбаев журналисттерге.

Concrete Canvas компаниясынын жергиликтүү өнөктөшү Жоодар Сайдилкан өлкөнүн ирригациялык түзүмү начар болгондуктан, суунун 50% коромжуга учурап жатканын, бул технология көйгөйдү чече аларын билдирди. Ал аталган инновациялык завод Англиянын өзүндө гана бар экенин, 100дөн ашуун өлкөгө экспорттолорун, Кыргызстанда салына турган завод дүйнөдөгү экинчи завод болорун айтты.

Маалым болгондой, 2023-жылы ноябрь айында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кардифф шаарында Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун курууну талкуулашкан болчу.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борбор Азия жана Монголия сапарынын алкагында 22-апрелде Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту. Кэмерон “Азаттык” менен интервьюсунда Жапаров баштаган расмий жетекчилери менен жолугушуусунда демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын айтты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG