Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

"Апрелчи" уюмдар ассоциация түзүп, Султанбековду баш катчылыкка шайлады


"Апрелчи" уюмдардын жыйыны. Темирлан Султанбеков менен Нурия Айдабосунова башында отурат. 23-апрель, 2024-жыл.
"Апрелчи" уюмдардын жыйыны. Темирлан Султанбеков менен Нурия Айдабосунова башында отурат. 23-апрель, 2024-жыл.

2010-жылкы Апрель окуясына байланыштуу коомдук бирикмелер 23-апрелде Бишкекте чогулуп, “Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясын” түзүштү. Алар алгачкы отурумунда Нурия Айдабосунованы Байкоочу кеңештин төрайымдыгына, Темирлан Султанбековду ассоциациянын баш катчылыгына шайлады.

Айдабосунова “Мекен шейиттери” уюмунун төрайымы, Султанбеков Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын (КСДП) лидери.

Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасында жазгандай, ассоциацияга “Мекен шейиттери”, “Баатырларга таазим”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель элим кыргызстан”, “Эр Теги”, “Баатырлар үмүтү”, “Апрель баатырлар бирикмеси”, “Апрель байрагы”, “Жаркын элес”, “Элдик сакчы” жана башка уюмдар кирди.

“Бул өтө маанилүү тарыхый окуя – “апрелчи” уюмдардын 95%ы Курманбек Бакиевдин режимин актоого жана реабилитациялоого каршы туруу үчүн бирикти. Ошондой эле Апрель элдик революциясынын курман болгон баатырларын даңазалап туруу жана Кыргызстандын эркиндиги менен көз карандысыздыгы үчүн болгон көтөрүлүштү эстеп туруу максатын көздөйт. Ассоциация өлкөнү өркүндөтүү жана элдин биримдиги үчүн бириккенибизди жана биргелешип иштешүүгө умтула турганыбызды мамлекет жетекчилигине маалымдоо катын жолдоо чечимин кабыл алды”, – деп жазды Темирлан Султанбеков.

2023-жылы 18-февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчыларын Дубайда жолугуштурган. Ага мурдагы мамлекет башчылар Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда Апрель окуясынын катышуучулары “Курманбек Бакиевди актоо аракети жүрүп жатканын билдирип” бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан.

2024-жылдын 15-январында президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алган. Жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өтүп, ага 200дөн ашык киши катышкан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга “Ала-Тоо” аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG