Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-марттан 22-апрелине чейин жалпы өлкөдө 207 айдоочу мас абалында унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Ага ылайык, 2023-жылдын 8-мартынан бери 10163 айдоочу дал ушундай себеп менен бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.

2023-жылдын 8-мартынан тартып Кыргызстанда айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Мисалы, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Биринчи жолу мас абалында унаа айдап жүрүп кармалган айдоочунун күбөлүгү бир жылга, кайталанса үч жылга алынат.

Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG