Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

23-апрель: Селден жабыркагандар, Газа тууралуу "үрөй учурган" маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Жалал-Абадда 300 үйдүн тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Президент Жапаров селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Жалал-Абад облусунда жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колоттордон чогулган сел 42 турак жайды каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди. 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жатат. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылды. Талас районунда Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, бир көпүрө жабыркаган. 20-21-22-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.

  • Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум жылып кетти

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын үчөөнү коргогон эки адвокат келбей калганына байланыштуу отурум болбой калганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тактагандай, судья ишти эки адвокаттын катышуусуз улантуу маселесин койгон. Тараптардын пикирин уккан соң ал соттук процесс мамлекеттик айыптоочулардын айыптоо корутундусун окуу тепкичине келгенин жүйө келтирип, ишти кароону уланткан. Мындан соң тогуз айыпталуучу буга каршылык билдирип, кыйкырышкан. Төрагалык кылган судья аларды сот залынан чыгаруу чечимин чыгарган. Андан соң ал ишти кароону 24-апрель, саат 14:00гө жылдырды. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

  • БШК Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын алды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине ылайык, эми №5 бир мандаттуу Ноокат округу боюнча кайра шайлоо болот. Коргонбай уулу арызын 22-апрелде жазган. Депутат парламенттин 3-апрелдеги жыйынында баяндама жасап, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айткан. Президент Жапаовго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, министрдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

  • УКМК Токтобүбү Оргалчага таандык “Мега Компани” компаниясынын бажы терминалы мамлекетке кайтарылганын билдирди

Атайын кызмат быйыл март айында Кара-Суу районунун Жоош айылында жайгашкан "Мега Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишинин жана жер тилкесинин мыйзамдуулугун текшерген. Текшерүүдө терминал Талдык дарыясынын жээгинде, суу коргоочу зонанын аймагында курулгандыгы, ал жерде эч кандай уруксат берүүчү документтери жок капиталдык курулуш тургузулгандыгы аныкталган. Ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы алынган аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү менен алектениши керек болгон. Текшерүүдө ал иштер аткарылбагандыгы такталган. Жер тилкелердин болжолдуу баасы 520 млн сомдон ашык деп бааланган. Токтобүбү Оргалча - Кытайда төрөлгөн этностук кыргыз. Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкөдө “Мега Компани”, “Томас KG” жана “Шыдыр Жол КG” деген компанияларды ачкан.

  • БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Газа тууралуу "үрөй учурган" маалыматты дыкат иликтөөгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газа секторундагы "Насер" жана "ал-Шифа" медициналык жайларындагы кыйроолордон, бул ооруканалардын тегерегинде адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн жерлер табылганы тууралуу маалыматтар "үрөй учурарын" билдирди. Түрк көз каранды эмес, дыкат жана ачык иликтеп чыгууга чакырды. Палестин бийлиги Израил аскерлери Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынан чыгып кеткенден кийин «Насер» ооруканасынын жанынан 180 адамдын сөөгү чогуу көмүлгөн жер табылганын, ушундай эле окуя «ал-Шифада» израилдик атайын аскерлердин операциясынан кийин катталганын билдирген. Израил армиясы (ЦАХАЛ) адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн окуя боюнча айыптоолорду негизсиз деп четке какты.

  • Британия Украинага эң ири аскердик колдоо пакетин жарыялайт

Британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, премьер-министр Риши Сунак Украинага 617 млн долларлык колдоо чечимин Польшага сапары учурунда жарыялайт. Британия Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылгандан бери Киевдин эң жакын тарапташтарынын бири болуп келатат. Жаңы каржылоо кошулса, быйылкы каржылык жылы Лондондун Киевге берген жардамынын жалпы суммасы 3,71 млрд долларга жетет. 23-апрелде АКШ Конгрессинин Сенатында да Украина үчүн дээрлик 61 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болот.

  • Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы футболдон эки атаандашын утту

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы эки атаандашын утту. Кыргызстандык спортчулар 21-апрелде Түркменстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын курамын 3:0 эсебинде жеңди. Кыргызстандын 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы жалпы эсепте беш мамлекеттин ичинен экинчи орунда келатат. Биринчи орунда Ирандын спортчулары турат. Үчүнчү орунга Өзбекстандын, төртүнчү орунга Тажикстандык, ал эми бешинчи орунга Түркменстандын спортчулары чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG