Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Орусия Түркия аркылуу Латын Америкасына учуу олуттуу көйгөйгө айланганын билдирди


Иллюсрациялык сүрөт.
Иллюсрациялык сүрөт.

Орусиянын Түркиядагы элчилиги Turkish Airlines авиакомпаниясы Латын Америкасына Түркия аркылуу жөнөп, бирок транзиттик каттамдан алынып жаткан орусиялыктар үчүн сунуштамаларын жарыялады.

Орусиялык дипломаттар «системалык түргө» өткөн олуттуу көйгөй жаралганын, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн расмий нотага эч кандай «так түшүндүргөн реакия» болбой жатканын элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Shot Телеграм-каналынын маалыматына караганда, соңку айларда Түркиядан Латын Америкасына учуп кете албай калган орусиялыктардын саны миңге жакындады.

Мексикага жана Латын Американын башка өлкөлөрүнө Turkish Airlines менен Стамбул аркылуу жетүүдөгү кыйынчылыктарга Орусия жарандары быйыл февраль айынын соңунан тартып кабыла башташкан. Авиакомпания буга Латын Америка өлкөлөрү орусиялыктарга карата киргизген катаал эрежелер себеп экенин билдирүүдө.

Талдоочулардын пикиринде, авиакомпания жүргүнчүлөр турист эмес, Мексика аркылуу АКШга бараткан мигранттар болушу ыктымал деп кооптонууда. Себеби эгер Миграция кызматы жүргүнчүнү өлкөгө киргизбей кое турган болсо, анын кайра кете турган жол киресин жеткирип барган авиакомпания төлөөгө милдеттүү болот.

Орусиянын Туроператорлор ассоциациясы орусиялык жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясынын кызматын колдонбоого ушул айдын башында чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG