Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

"Үйүмдү уттурдум, ажыраштым". Кофеканага жамынган кумарканалар


Жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатат. Сыртынан караган кишиге борбор калаадагы кофеканалардын бириндей эле көрүнөт. Бирок анын туруктуу кардарлары кофе сүйүүчүлөрү эмес, үйүн, унаасын жана болгон байлыгын интернеттеги кумар оюндарына салган адамдар.

Бир нече күндүк иликтөөдөн кийин “Кофе и точка” жайларында интернеттеги кумар оюндары ойнолуп, андагы кассалар аркылуу миллиондор айланат деп айта алабыз.

Бул иликтөөнүн видео варианты жарыялангандан кийин "Кофе и точканын" эки кеңсеси жабылып, ага Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мөөр басып кеткен. Ал эми калганы мурдагыдай эле иштеп жатат.

"Ринго трейд" кантип "Кофе и точкага" айланды?

2023-жылы июль айында Ички иштер министрлиги, Салык кызматы жана Финансылык көзөмөл кызматы биргеликте иш жүргүзүп, Кыргызстан боюнча 47 бинардык опционду жаап, кылмыш ишин козгогон. Анткени аталган жайларда кумар оюндарынын белгилери бар деген тыянакка келишкен. Анын үстүнө коомчулукта нааразылык күчөп, Ошто шаарында митинг да өткөн.

“Алардын имараттарындагы жазуулар алынып салынды. Алар бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, аталган опциондорго тиешелүү компьютердик техника алынды”, - деп айтылган ИИМдин маалыматында.


Ички иштер министрлиги мөөр басып кеткен жайлардын арасында “Ринго трейддин” да имараттары бар болчу. “Ринго трейд” - коомчулукта кадимки казино катары сыпатталып, андан миллиондорду уттургандар болгон. Алардын Бишкек шаарында тогуз, Ошто болсо эки филиалы бар болчу. Бирок аларга таандык кеңселер көпкө жабык турган жок.

Ошол эле 2023-жылы күзүндө мурда “Ринго трейд” жайгашкан имараттарда “Кофе и точка” деген жайлар ачылды. Бул жайлар кофекана жана жумуш аянтчасы деп жазылган. Алардын аты өзгөргөнү менен заты мурдагыдай калганын күбөлөр айтып жатышат.

Киев жана Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишиндеги "Кофе и точка" түйүнү. Мурда бул жерде "Ринго трейддин" филиалы болгон. Бишкек
Киев жана Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишиндеги "Кофе и точка" түйүнү. Мурда бул жерде "Ринго трейддин" филиалы болгон. Бишкек

Бишкектеги “Кофе и точка” жайларынын бири Ош базар тараптагы Киев жана Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан. Кечтин кириши менен анын эки кабат имараты жанданып, таң аткыча киши үзүлбөйт.

“Эң ызы-чуу жери ушул жер жана Аламүдүн базары тарап. Чөнтөкчүлөрдүн бардыгы ушул жерге келишет. Тынымсыз 24 саат иштейт", - деди бул жердеги оюнчулардын бири Эрмек (аты өзгөртүлдү).

Ал “Кофе и точканын” туруктуу кардарлардын бири. Ал бир нече жылдан бери кумар оюндарын ойноп, мындан бир ай мурун эле 1 млн. 800 миң сомун уттуруптур. Ошондон бери бул азгырыктан алыстаганын айтып жатат. Ал бизди “Кофе и точка” түйүндөрүн кыдыртып, алардын эмне менен алек болорун айтып, көрсөтүп да берди.

“2023-жылы сентябрь айында “Ринго трейд” жабылды. Анын жабылышына көбүбүз сүйүнүп жүрдүк. Көп өтпөй эле “Кофе и точка” деген аталыш менен ачылды. Мурдагы эле ишмердигин жүргүзүп жатышат. Болгону мониторлорду эле алып салышкан. Калганы ошол эле. Башка эч айырма жок. Ошол жерден акча салып, ошол жерден чечип алсаң болот. Мурдагыдан да кызуу иштей баштады".

Биз “Кофе и точка” түйүндөрүнүн биринен да кофе ичип отурган адамды көрө алган жокпуз. Бардыгы эле телефон тиктеп, интернет аркылуу кумар оюндары менен алек болуп отурушат. Мындай жайлардын ар биринде экиден касса күнү-түнү иштейт. Андан эсебиңди толуктап, же болбосо уткан акчаңды чечип алсаң болот.

"Кофе и точка" жайындагы кумар оюндарына азгырылган жарандар.
"Кофе и точка" жайындагы кумар оюндарына азгырылган жарандар.

Биз Бишкектеги “Кофе и точка” жайларынын ар бирине кирип чыктык. Ош, Аламүдүн жана Орто-Сай базары тараптагы филиалдарында киши көп экени байкалат. Базар тараптагы үч кеңсе тең эки кабат имаратты ээлеп, анын биринчи кабаты кадимки кофеканадан айырмаланбайт экен. Кечтин кириши менен экинчи кабаты кумарпоздорго толот.

"Кофе и точканын" Ахунбаев көчөсүндөгү филиалы. Мындай жайларды дайыма кароочулар кайтарып, ичинде фото, видео тартууга тыюу салынган.
"Кофе и точканын" Ахунбаев көчөсүндөгү филиалы. Мындай жайларды дайыма кароочулар кайтарып, ичинде фото, видео тартууга тыюу салынган.

“Эгерде кумар оюнун интернет аркылуу ойношсо, анда “Кофе и точка” түйүндөрүнүн эмне кереги бар” деген суроо жаралат. Ага оюнчулар мындай деп жооп берди.

“Булар “Кофе и точка” деп ачышкан. Ишмердиги, өзөгү казино эле да. Булар кеңсе ачышпаса, анда эл ойнобой коёт. Анткени акчаны каяктан чечет? Миллиондор айланып жатпайбы. Кеңселери акчаңды аласың дегенге гарант. Ар бир кеңсесинен чечип алсаң болот. Эч кандай чектөө жок. Миллиондорду салсаң, чечип алсаң да болот. Азыр булардын кумар оюнун бир гана Бишкек, Ош эмес, айылдарда телефон аркылуу эле ойноп жатышат. Акчасын башка бирөө аркылуу салдырып алат. Жаш балдар, кыздар да кызыгып кетишти”.

Биз “Кофе и точка” түйүндөрүн алгач тымызын, андан кийин ачык эле камера менен кыдырып чыктык. Бирок журналист катары бирине эле кире алдык. Андан кийинкилерине кабар жетип, бизди кароолчулар күтүп атышкан экен.

"Кофе и точка" жайынын эрежеси. Бизди ар бир түйүнүнөн бир нече кароолчу тосуп алып жатты.
"Кофе и точка" жайынын эрежеси. Бизди ар бир түйүнүнөн бир нече кароолчу тосуп алып жатты.

Айрым түйүндөрү биз барган учурда жарыктарын өчүрүп, иштебей турганын айтып жатышты. Бизди кардар катары да киргизе албай турганын билдиришти.

"Кофе и точка" кимдики?

“Кофе и точка” жайларына “Финтекс” компаниясы ээлик кылат. Аталган компания алкоголдук продукцияларды сактоо жана сатуу боюнча лицензиянын негизинде иштеп жатат. Компания Умеркулов Кайрат Түлөбердиевич деген жаранга таандык. Кайрат Умеркулов 2020-2024-жылдары Азамат Акылакунов деген жаран менен бирге “Брокердик кеңсе "Опцион" деген компанияда негиздөөчү болгон.

Журналисттер “Опцион” брокердик кеңсеси “Ринго трейдге” түз байланышы бар экенин жазышкан эле. Анткени “Ринго трейддин” расмий сайты дал ушул “Опцион” компаниясына катталган болчу.

Азыркы "Кофе и точканын" ээси Кайрат Умеркулов "Ринго трейдди" негиздегендердин бири болгон. Маалымат Osoo.kg сайтынан алынды.
Азыркы "Кофе и точканын" ээси Кайрат Умеркулов "Ринго трейдди" негиздегендердин бири болгон. Маалымат Osoo.kg сайтынан алынды.

Эми ошол мурдагы “Ринго трейддин” ордуна “Кофе и точка” деген жайлар ачылып, ага “Ринго трейдге” тиешеси бар адамдар ээлик кылууда жана аталган жайлар кумар оюндарына азгырылгандар тынбай каттаган жерге айланды.

"Кофе и точканын" Аламүдүн базары тараптагы түйүнүнүн администратору мындай деп жооп берди:

"Айбек мырза, сиздин телефон номуруңузду жетекчиликке жөнөтөм. Алар менен сүйлөшүп алсаңыз болот. Бул жерге адамдар иштегени, кофе ичкени келет. Мени видеого тартпаңыз. Укугумду бузуп жатасыз".

"Азаттык" радиосу "Кофе и точка" жайынын жетекчилиги менен байланыша алган жок. Биз алардын ынанымдуу жообун укканга даярбыз.

Эми “Кофе и точка” түйүндөрүнүн ар бириндеги кассалар боюнча айтып берели. Ал жерден эсепти толуктап, же уткан акчаңды чечип алса болорун жогоруда көрсөткөнбүз. Кассалар болсо Юстиция министрлигинен “ПэйБэк” деген аталыш менен каттоодон өткөн. Борбор калаада канча “Кофе и точка” түйүнү болсо, төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүүчү “ПэйБэк” кассалары да ошончо. Алардын терминалын, же болбосо кассаларын башка жерден таппайсыз. Алар “Кофе и точка” жайларында күнү-түнү иштейт.

"Кофе и точка" түйүндөрүндө гана иш алып барган "ПэйБэк" компаниясы боюнча маалымат.
"Кофе и точка" түйүндөрүндө гана иш алып барган "ПэйБэк" компаниясы боюнча маалымат.

Алардын ачык маалымат булактарындагы байланыш номурларына чалганыбызда мындай дешти:

“Сиз маалымат кызматына чалдыңыз. Телефонуңузду жетекчилерибизге берип коем. Алар сизге чалышат. Алар менен такташып алсаңыздар болот. “Кофе и точка” кофеканалардын түйүнү”.

Биз бул материалды тартып жүрүп бир нече адам менен сүйлөштүк. Алардын баары “Кофе и точка” түйүндөрү интернет кумар оюндары үчүн иштеп жатканын, анын кардарлары кумар оюндарына азгырылгандар экенин тастыкташты.

Кумар оюндарына көз каранды болуп калган баласын, күйөөсүн, бир тууганын, досун издеп жүргөн адамдарды да кездештирип жаттык. Алар ушул оюндун айынан миллиондоп карызга батканын, үй-бүлөлөр ыдырап жатканын да айтып беришти. Бирок ачык сүйлөп бергенден баш тартып коюшту.

Ал эми кумар оюндарына азгырылып, андан чыгууга эрки жетпей жүргөнүн айткан Эрмек (аты өзгөртүлдү) буларды бөлүштү:

“Мен бул жерде жүрүп далай тагдырды, көз жашты көрдүм. Жаш үй-бүлөлөр ажырашты. Айласы кеткенде кылмышка баргандар, соттолуп кеткендер болду. Акчасын уттургандар үйүнө бара албай ушул тегеректе эле жүрүшөт. Бир туугандары издеп келип, ошол жерден алып кетишет. Алардын унаалары бир топ ломбардды толтурду. Мен өзүм эле үй-бүлөмдөн ажырадым. Акчамды, үйүмдү уттурдум”.

Эрмек акыркы жылдары "Кофе и точканын" туруктуу кардарларынын катарына жаштар көп кошулуп жатканын, ушундан улам анын жабылышы үчүн аракеттенерин айтып жатат.

"Кофе и точканын" мыйзамды айланып өтүү аракети

“Азаттык” бул маселе боюнча Ички иштер министрлигине, Финансылык көзөмөл кызматына кайрылды. Анткени алар 2023-жылы “Ринго трейд” баштаган 47 жайдын жабылышына себеп болгон эле. ИИМ аталган иш боюнча тергөө аяктай электигин билдирди. Ал эми Финансылык көзөмөл кызматы интернеттеги кумар оюндары боюнча тиешелүү мыйзам жок экенин билдирди. Ошон үчүн алардын ишин эч ким көзөмөлдөй албайт. Ошол эле учурда алардын ишмердигинде кумар оюндарынын белгилери бар дешет.

Финансылык көзөмөл кызматынын финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башычысы Данияр Бегалиев:

Данияр Бегалиев.
Данияр Бегалиев.

“Негизи Кыргызстанда бинардык опцион боюнча мыйзам жок. Бирок ИИМдин кайрылуусунун алкагында бул суроону изилдегенбиз. Ошонун негизинде тыянак чыгардык. Бул гибриддик ишмердик деп айта алабыз. Андан кумар оюндарынын элементтерин да көрдүк. Акча ойнолот, каражат сайылат. Биз акырында ИИМге кумар оюндарына кошсо болот деп жооп бергенбиз. Ошонун негизинде ИИМ, Салык кызматы, Финансылык кызматы иш алып барып, 47 жайды жаап жатат да”.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Ага ылайык, казиного Кыргызстандын жарандары жана 21 жашка чыга электер киргизилбейт.

Бирок “Кофе и точка” сыяктуу жайлардын статусу боюнча талаш бар. Алар мамлекеттик органдардан алкоголдук продукцияны сактоо жана сатуу боюнча эле лицензия алган. Ошол эле маалда ичинде интернет кумар оюндары ойнолуп жатат.

Финансылык көзөмөл кызматынын финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башычысы Данияр Бегалиев буларды кошумчалады:

“Азыркы күндө аларды көзөмөлдөгөн орган барбы, жокпу айта албайм. Алардын ээлери мыйзамды айланып өтүш үчүн атайын гибриддик кылып түзүшкөн. Ушундан улам президенттин мыйзамсыз жайларды жабуу боюнча буйругу чыккан. Ошон үчүн 2023-жылы июлда жапканбыз да. Эгер сиз айтып аткандай кайра иштеп атса, анда кайра жабылыш керек. Менин оюм ушундай”.

Жогоруда айтылгандай, бул иликтөөнүн видео варианты 12-апрелде "Азаттыктын" Ютубдагы каналына жарыяланган. Ушундан кийин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү "Кофе и точка" жайынын эки түйүнүн жапкан. Биздин редакцияга ири суммадагы акчасын уттуруп койгонун айткан бир нече жаран кайрылып, алар милицияга да арыз жазганын айтышты.

Аламүдүн базары тараптагы "Кофе и точка" жайы жабык турат.
Аламүдүн базары тараптагы "Кофе и точка" жайы жабык турат.

Бул берүүнүн соңунда Ички иштер министрлиги, Финансылык көзөмөл кызматы жана Салык кызматы тарабынан жабылган “Ринго трейд” азыркы “Кофе и точка” жайларынан эч айырмаланбайт деп айта алабыз. Анткени алар мурдагы эле даректерде жайгашып, ошол эле кумар оюндары ойнолуп жатат. Мурдагыдай эле миллиондогон акчасын, үстүндөгү үй, автоунаасын уттургандар арбын.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG