Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Салык кызматынын инспекторлору жемкорлукка шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Мамлекеттик Салык кызматынын беш инспектору жемкорлукка шек саналып кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-апрелде билдиргендей, Салык кызматынын Бишкектеги Биринчи Май райондук башкармалыгынын инспекторлору Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү ("Адамдар тобу тарабынан пара алуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү.

Алар салык маселелерин чечүү үчүн видеобайкоо коюлбаган жерде такай акча алып жүргөн деп айыпталып жатат.

Атайын кызмат бул жемкорлуктун бир канча фактысы документтештирилгенин маалымдады. Шектүүлөр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардын адвокаттары, жакындары, Салык кызматы комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG