Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

Кемпир-Абад иши: Сот адвокаттар келбегендиктен отурум дагы жылганын маалымдады


Бишкектин Биринчи май райондук соту
Бишкектин Биринчи май райондук соту

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Кемпир-Абад иши боюнча билдирүү таратып, беш айыпталуучунун укугун коргогон эки адвокат келбей калгандан улам 24-апрелдеги отурум да жылып кеткенин маалымдады.

Судья бул күнү да ишти адвокаттардын катышуусуз улантуу маселесин койгон. Айыпталуучулар ага нааразылык билдирип, кыйкырык-сүрөөнгө алышкан. Төрагалык кылып жаткан судья алгач аларды сот залынан сыртка чыгарып, бул жагдайлардан улам кийин ишти кароону 30-апрель, саат 10:00гө жылдырды.

24-апрелдеги отурумду утурлай Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында акцияга чыгып, процессти ачык өткөрүүнү талап кылышты.

23-апрелдеги отурум да айыпталгандардын үчөөнү коргогон эки адвокат келбей калганына байланыштуу болбой калган.

Буга чейинки соттук отурумдарда да айыпталуучулар соттук процесс адвокаттарсыз уланып жатканын сынга алып, каршылык билдиришкен. Биринчи май райондук соту бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө, 22 соттук отурумдун 11и адвокаттар келбей калгандыктан, 7си айыпталуучулар келбей калгандыктан жылып кеткенин тактаган. Мекеме ошол себептен улам процессти улантуу чечими кабыл алынып жатканын кабарлаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG