Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Акылбек Жапаров элдин президентке ишеничи 86% жеткенин айтты


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар корголуп жатканын өкмөттүн 25-апрелдеги жыйынында билдирди. Ал Вашингтонго сапарынын алкагында IRI институтунун, ЮСАИДдин жетекчилиги менен жолугушканын, анда өлкөдө демократиянын корголуп жатканын айтканын белгиледи.

Акылбек Жапаров бийлик элдин талабын, мүдөөсүн аткарып жатканын, бул көрсөткүч рейтингдерден белгилүү болгонун, мунун арты менен элдин президентке ишеничи 82% деген көрсөткүчтөн 86% жеткенин кошумчалады.

"Экономикалык өсүү темптери акыркы үч жылда орточо 7% ашык (2021-5,5%; 2022-9%; 2023-6,2%), бул экономиканын учурдагы постковиддик жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашып, туруктуу өнүгүүгө карай жылып баратканынан кабар берет. 2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары менен камсыз болду: өндүрүштүн көлөмү курулушта 10,3%, тейлөө чөйрөсүндө 6,2%, өнөр жайда 2,7%, айыл чарбасында өсүш 0,6% түздү. ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү", - деди ал.

Экономика жана соода министрлиги 2024-жылга карата ички дүң өнүмдүн көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдоодо. Өкмөт анын реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөт деп күтүүдө. Инфляция 2023-жылы 13,9 пайыздан 10,8 пайызга төмөндөдү жана 2024-жылга карата 5,5-6,5% болушу болжолдонууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-21-апрель күндөрү АКШда иш-сапары менен болуп, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Европа инвестициялык банкы, USAID сыяктуу мекемелердин жетекчилери менен жолугушту.

“Чек арасыз кабарчылар” жана Amnesty International сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстанда жана Борбор Азиянын башка аймактарында басма сөз эркиндиги начарлаганын, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүл” атка конгон мыйзам сыяктуу бир катар чектөөлөргө туш болгонун билдирип келет.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, демократиялык баалуулуктар сакталарын белгилеп жүрүшөт. (TAb\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG