Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Чолпон-Атада "Жетиген" базарынын директору кармалды


Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын директорунун иш бөлмөсүн тинтүү маалы. УКМК тараткан сүрөт.
Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын директорунун иш бөлмөсүн тинтүү маалы. УКМК тараткан сүрөт.

Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарына ээлик кылган “Курортторг Жетиген” ачык акционердик коомунун акционерлери жана жетекчилиги мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келгени, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушканы такталды.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында "Жетиген" базарынын жана “Курортторг Жетиген” компаниясынын акционери жана директору болуп саналган Б.Л.Д. аттуу жаран кармалды.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмыштар боюнча айып тагылды. Тергөө иштери уланууда.

Мунун алдында өздөрүн "Жетиген" базарынын соодагерлери деп тааныштырган жарандар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, базардын жетекчисине чара көрүп берүүнү суранган. Алар базар ээси соода жайларынын ижара акысынан сырткары да каражат алып турганын билдиришкен.

Былтыр ноябрь-декабрда Кыргызстандагы бир катар базарлардын соодагерлери патенттин жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинелер милдеттүү түрдө киргизилип жатканын нааразылык билдирип чыккан. Мындан кийин президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарлар мамлекетке өткөрүлөрүн” эскертишкен.

Мунун артынан бир катар базарлардын жетекчилери кармалган. Анын ичинде Бишкектеги “Уста” базарынын, “Баткен” базарынын, "Берекет" соода борборунун, “Ош” базарынын ичиндеги эт базардын, Оштогу Кара-Суу базарынын ичиндеги “Жээнбеков” базарынын, Каракол шаарындагы “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээлери жана жетекчилери кармалды.

Кармалган базар ээлеринин жана жетекчилеринин көбүнө соодагерлерден алган акчасын салык органдарына туура эмес көрсөткөн, кирешесин жашырган, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу айыптар тагылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG