Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Пикир үчүн айыпталган Каныкей Аранова абактан чыкты


аныкей Аранова. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды.
аныкей Аранова. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы 120 миң сом айып пулга жыгып, өзүн абактан чыгарды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун кеңсе кызматы "Азаттыкка" ырастап, Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылды.

"Жыйынтыгында сот тарабынан дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 120 миң (жүз жыйырма миң) сом айып пул салынды. Ага карата тандалган камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылып, сот залынан камактан бошотулуп, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды", - деп жазылган сот өкүмүндө.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келгени кабарланган.

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылган.

Эжеси Ырысгүл Аранова Каныкей анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк-аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

37 жаштагы Каныкей Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG