Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго айып пул салына баштады


Ыргытылган таштандынын басымдуу бөлүгүн желимден жасалган буюмдар түзөт. Иллюстрациялык сүрөт.
Ыргытылган таштандынын басымдуу бөлүгүн желимден жасалган буюмдар түзөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун аймагындагы дүкөн, тез тамактануучу жайларда, кафе-ресторан, тойканаларда желим баштык колдонулганы аныкталса, мыйзам чегинде айып пул салынууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкери Бейшенбек Самбаев билдирди.

Анын айтымында, желим баштык колдонулганы тууралуу маалымат видео, сүрөт менен аныкталса, алгач протокол түзүлүп эскертүү берилет, ага баш ийбесе, айып пул салынат.

"Биринчи эскертүү беребиз, экинчисинде жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга жүз миң миң сом эсебинде айып пул салынат. Учурда облустун бардык аймагына эскертүү берилди. Баары туура түшүнүп, өздөрү деле элге желим баштык бербей калышты".

Самбаев кошумчалагандай, желим баштык колдонуу фактысы аныкталган жерди текшерүү Экономика министрлигинин уруксаты менен жүргүзүлөт. Азырынча бир дагы дүкөн, кафеге айып салына элек.

Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында желим баштыктарды колдонууга тыюу мыйзамы 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.

Ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат.

Желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылы 29-июнда кабыл алып, президент 10-августта кол койгон. (AsK/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG