Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Орусия Украинадагы согушта жер которгон балдар кайтарыларын билдирди


Оккупацияланган Мариуполдон Орусияга күчтөп чыгарылган бир туугандар Украинага кайткандан кийин. 19-ноябрь, 2023-жыл
Оккупацияланган Мариуполдон Орусияга күчтөп чыгарылган бир туугандар Украинага кайткандан кийин. 19-ноябрь, 2023-жыл

Орусия Украина менен согуштан улам жер которгон балдардын маселесин биринчи жолу түз талкууланганын билдирди. Катардын арачылыгы менен Доха шаарында өткөн сүйлөшүүгө катышкан Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованын айтымында, Украинага 29 бала, Орусияга 19у жөнөтулөт, тизме түзүлүп бүттү.

Бирок украин тараптын өкүлү, парламенттин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец Дохадагы кездешүүдөн кийин бул маалыматты бышыктоодон баш тартты. Ал эки өлкөнүн «бул маселе боюнча түз байланышы жок» деп кошумчалады. Бул тууралуу АFP агенттиги жазды.

Киев Москваны 19 минден ашуун украиналык баланы күчтөп чыгарып кеткени үчүн айыптап келатат. Львова-Белова бул маалыматты жалган деп четке кагууда.

Январда Лубинец согуш башталгандан бери 517 бала жана 2828 чон киши кайтарылганын билдирген. Былтыр декабрда Львова-Белова андан мурдагы жылы фронттун сызыгы өзгөргөндө жакындарынан бөлүнүп калган жеткинчектер үй-бүлөлөрүнө кайтканын айткан. Украинага кайтарылган балдар тууралуу ал акыркы жолу быйыл 21-мартта маалымдаган. «Коммерсантъ» гезити ошондо беш украиналык жана бир орусиялык бала тууралуу жазган.

Киев жеткинчектер орус аскерлери басып киргенден кийин ээлеп алган аймактардан депортацияланганын айтса, Москва аларды коопсуздук үчүн эвакуациялашканын билдирип келет.

Былтыр мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту президент Владимир Путин менен Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар Украинадан «балдардын мыйзамсыз депортациясына байланышкан согуш кылмышы үчүн жооптуу болушу ыктымал» деп айтылган. Орусия ал соттун юрисдикциясын тааныбайт.

АFP маалымдагандай, 2023-жылдын июлунан бери Катар украиналык ондогон баланы орус армиясы оккупациялаган аймактарынан кайтарууга жардам берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG