Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Билим берүү министрлиги "Акыркы коңгуроого" акча чогултууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салттуу "Акыркы коңгуроо" майрамы 25-майга белгиленди. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын буйругу менен бул күндү майрамдоого акча чогултууга тыюу салынды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү.

Ага ылайык, мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен "Акыркы коңгуроо" салтанатын жана башка иш-чараларлды өткөрүүгө акча чогултууга тыюу салынды жана жоопкерчилик, коопсуздук чараларын көрүү жүктөлдү.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын башчылары, райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине ата-энелер менен жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети жүктөлдү. Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жоопко тартылары эскертилди.

Министрлик мурдараак быйыл бүтүрүүчүлөрдөн жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат үчүн акча талап кылууга да тыюу салган.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Анда акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө да тыюу салынып, ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдер жоопко тартылары эскертилген.

Билим берүү жана илим министринин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG