Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:16

Нурланбек Шакиев Улан-Батордо Монголиянын президенти менен кызматташтыкты талкуулады


Нурланбек Шакиев жана Ухнаагийн Хурэлсух. Улан-Батор, Монголия. 25-апрель, 2024-жыл.
Нурланбек Шакиев жана Ухнаагийн Хурэлсух. Улан-Батор, Монголия. 25-апрель, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиядагы расмий сапарынын алкагында 25-апрелде аталган өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз парламентинин коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, байланыштарды бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Нурланбек Шакиев кыргыз-монгол мамилелери акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, “20 жылдан ашык убакыттан кийин былтыр мамлекеттик сапар уюштурулуп, Кыргыз президенти Монголияга келип кеткенин байланыштардын жаңы барагы” катары мүнөздөдү.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бул расмий сапар байланыштарды арттырууга кошумча дем берерин билдирип, кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга 23-апрелде барды. Ал жетектеген депутаттык делегация бул аралыкта Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту.

Кыргыз тарап ошондой эле Чыңгыз Хан атындагы Улуттук тарых музейинде “Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери” аттуу сүрөт көргөзмөсү жана “Кыргыздардын Чыңгыз Хан жана анын урпактары ортосундагы тарыхый байланыштар” темасындагы конференцияга катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын июлунда Монголияга мамлекеттик сапар менен барып келген. Анын алкагында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG