Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Министрдин орун басары сел жүргөн маалда чет өлкөдө болгонуна түшүндүрмө берди


Урматбек Шамырканов
Урматбек Шамырканов

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында суу ташкындарынын кесепети жөнүндө маалымат берип жатып, сел болгон маалда ал жана министрдин башка орун басары чет өлкөдө болгонуна түшүндүрмө берди.

Депутат Нуржигит Кадырбеков бир күн мурун ушундай маалымат чыкканын эстеп, министрдин орун басарына суроо берди. Шамырканов алар бир нече күндөн бери өнөктөш мамлекеттерге гуманитардык жардам жеткирип жүрүшкөнүн билдирди.

“Чет элдик командировка жүрөт десе эл “булар, тиякта-биякта жыргап жүрөт окшойт” деп ойлоп жатышат. Биз, министрдин эки орун басары чет жакта болдук. Мен Казакстанга гуманитардык жардам жеткирип, кечээ түнү келдим. Дагы бир орун басар Орусияга гуманитардык жардам жеткирип кеткен. Министрдин дагы бир орун басары түштүк облустарда селдин кесепеттерин жоюу иштери менен алектенип жүрөт. Министр өзү да суу ташкындаган аймактарды көрүп, кечээ кечинде Бишкекке учуп келди”, – деди Урматбек Шамырканов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттин 24-апрелдеги жыйынында маселе көтөрүп, Кыргызстандын аймактарында катуу жаан-чачындан улам суу ташып, сел жүрүп жаткан маалда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөдө жүргөнүн сынга алган. Натыйжада сел боюнча маалымат угуу 25-апрелдин күн тартибине киргизилип, каралды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий баракчасында министр Бообек Ажикеев 22-23-апрелде өлкөнүн түштүк аймактарында сел каптаган айылдарга барып, ыкчам тапшырмаларды бергенин маалымдап, анын Жалал-Абадда жүргөн сүрөттөрүн жарыялады.

20-апрелден 24-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталганын айтты. Андан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Эки адам каза болду.

Кыргызстан Орусия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган аймактарына 20-апрелде жөнөткөн гуманитардык жардамы 24-апрелде жетти. Бишкек коңшу Казакстанга да эки ирет гуманитардык жардам жеткирди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG