Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Зеленский Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды


Владимир Зеленский. Киев. 19-апрель, 2024-жыл
Владимир Зеленский. Киев. 19-апрель, 2024-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы эл аралык санкцияларды кеңейтүүгө чакырды.

25-апрелде Киевде Британиянын финансы министри Жереми Хант менен жолукканда президент Украинадагы кырдаалды жана Орусияга каршы жазалоочу чараларды күчөтүүнү, санкцияларды буйтап өтүүсүн алдын алууну талкуулады.

Зеленский ошондой эле Х социалдык тармагына жазган постунда жаңы аскердик жардам пакети үчүн Британияга ыраазычылыгын айтты. 622 миллион долларга тете жардам берилерин британ премьер-министри Риши Сунак жуманын башында Польша сапары учурунда жарыялаган.

Лондон быйылкы каржы жылында Киевге убада кылган аскердик жардамдын жалпы көлөмүн 3,71 млрд долларга жеткирди.

Хант Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал менен да жолугуп, аскердик жабдык пакетинин мазмунун, абадан коргонуу системаларын жана энергетикалык жабдууларды жеткирүү маселелерин талкуулады.

Британиялык министрдин сапары алдында АКШнын президенти Жо Байден Киевге 61 млрд доллар аскердик жардам берүү мыйзамына кол койгон.

Ал ортодо Орусиянын аскерлери кошуна өлкөсүн аткылоону улантууда. 25-апрелде Черкасы облусунда бир нече киши жарадар болгонун, маанилүү инфраструктура зыян тартканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Днепропетровскиде энергетикалык жай жана газ түтүгү жабыркады.

Донецк облусунда төрт киши, Херсондо үчөө жараат алды. Чабуулга Запорожье облусу да кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG