Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп кура баштады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мектептин курулушуна капсула салып жатат. 25-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мектептин курулушуна капсула салып жатат. 25-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 25-апрелде, Карабак аймагынын Агдам районундагы Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун – капсуланы салуу аземине катышты.

Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.

Салтанат мамлекет башчыларына кыргыз жана азербайжан тилдеринде төкмө акындардын салам айтуусу менен башталды.

Андан кийин президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты. Президенттер келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу бөлмөсүнө ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен 24-апрелде барды. Анда ал президент Илхам Алиев менен жолугуп, Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынына катышты. Баку шаарында кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземинде да болду.

Жапаров Бакуга былтыр 24-ноябрда да барып, Илхам Алиев менен жолугушкан. Андан бир ай мурда Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкекке келип кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG