Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

25-апрель: Мадумаров абактан чыгат, Германияда борбор азиялык мигранттар кармалды


Немис полициясы мигранттарды текшерүүдө
Немис полициясы мигранттарды текшерүүдө

Адахан Мадумаров 26-апрелде тергөө абагынан чыгат

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, жети айдан бери тергөө абагында отурган Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыгат. "Соттун буйругунда "өкүм 26-апрелде саат 00:00дө күчүнө кирет" деп жазылыптыр деди анын адвокаты Кубанычбек Туманов. 26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы жана адвокаттары райондук соттун чечимин шаардык сотко даттанышкан эмес.

Ошто шайлоого аралашканы айтылган кызматкерлерге чара көрүлдү

28-апрелге белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Бир күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаков аталган аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Бекмырза Эргешовдун штабында жүргөнүн иликтеп чыккан.

Суу ташкында киши өлүмүнө алып келген учурлар үчүн ӨКМ сынга калды

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков соңку сел каптоодо эки кишинин өлүмүнө алып келген кырсыктын алдын алуу жана эскертүү иш-чаралары жетишсиз болуп калганын билдирди. Парламентте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү суу ташкындын кесепети жөнүндө маалымат берди. 20-23-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам өлкө аймагында 67 сел жүрдү.

Ирандык рэпер Томаж Салехи өлүм жазасына өкүм кылынды

2022-жылдагы нааразылык акцияларына катышкан музыкантка козголоңго жардам берүү, мыйзамсыз чогулуу жана кутум уюштуруу, режимге каршы үгүттөө, башаламандыкка тукуруу деген айыптар тагылды. 33-жаштагы рэпер 2022-жылы октябрда нааразылык акциясын ачык колдогондон кийин кармалган. Адегенде алты жылга кесилип, Жогорку Сот апелляциясын карагандан кийин кое берилген. Анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Ал абакта бир жылдай отурганда кыйноолорго туш болгонун айтып берген видеосун жарыялаганда кайра камалган.

Европарламент Орусияда кармалган журналисттер Алсу Курмашева менен Эван Гершковичти “токтоосуз" коё берүүгө чакырды

Резолюцияда жогорудагы эки журналисттен тышкары Орусияда абакта отурган Владимир Кара-Мурза, Олег Орлов, Ксения Фадеева, Иван Сафронов жана Илья Яшин аталды. Жарым жылдан бери Казанда түрмөдө жаткан Курмашева Орусиянын жана АКШнын жараны. Прагада иштеген журналистке "чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес", "орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан" деген айып тагылды. Бул беренеде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович былтыр 29-мартта Москва шаардык соту тарабынан тыңчылыкка айыпталып камалган. Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет.

Президент Зеленский Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды

Киевде британ финансы министри Жереми Хант менен жолукканда Владимир Зеленский Украинадагы кырдаалды жана Орусияга каршы жазалоочу чараларды күчөтүүнү, санкцияларды буйтап өтүүсүн алдын алууну талкуулады. Киевге 622 млн долларга тете жардам берилерин британ премьер-министри Риши Сунак жуманын башында жарыялаган. Лондон быйылкы каржы жылында Киевге берилчү аскердик жардамдын жалпы көлөмүн 3,71 млрд долларга жеткирди. Вашингтон Киевге 61 млрд доллар аскердик жардам берет.

Германияда борбор азиялыктарга террорчулук боюнча айып тагылды

Германиянын федералдык прокуратурасы борбор азиялык жети жаранга террордук уюм түзүү, ага катышуу, “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоо боюнча айып такты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат. Арасында Түркмөнстандын жана Кыргызстандын бирден жарандары бар, калгандары тажикстандыктар.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG