Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

Мадумаровдун адвокаты cаясатчы 26-апрелде абактан чыгарын билдирди


Адахан Мадумаров сотто.
Адахан Мадумаров сотто.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаров тергөө абагынан 26-апрелге караган түндө чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирди.

"Өкүм күчүнө кирди. Судья кол коюп, соттун буйругу менен тергөө абагына жиберген. Соттун буйругунда "өкүм 26-апрелде саат 00:00дө күчүнө кирет" деп жазылыптыр. Ошого байланыштуу Адахан Мадумаров бүгүн түндө, тагыраагы 26-апрелге караган түндө чыгарылат", - деди ал.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган. Саясатчы өзү же адвокаттары сот чечимине каршы жогорку сот бутагына даттанышкан эмес.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да айып коюлган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (AiB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG