Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Курулуш компаниясына өтүп кеткен жер мүлкү менен мамлекетке кайтарылды


Мыйзамсыз берилген жер тилкеси. Сүрөт УКМКга таандык.
Мыйзамсыз берилген жер тилкеси. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы 12-кичирайондо жайгашкан 0,2 гектар жер суммасы 127,6 млн сомду түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлкү менен мамлекетке кайтарылды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планынын авторлорунун бири – А.А., Бишкек шаар мэриясынын жана Бишкек шаардык "Кадастр" мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин алдын ала сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Октябрь райондук администрациясынын жасалма токтомун колдонуу менен жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүнгөнү аныкталган.

Аталган жер тилкеси турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын өзүнчө категорияларына арналган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелери А.А. аттуу жарандын жакын туугандарына жана Бишкек шаарынын аймагында жашабаган жарандарга берилгени аныкталган. Кийинчерээк бул жер тилкелерин пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда аталган компания 12 кабаттуу турак жайды куруп жатканы белгилүү болгон.

Жер тилкеге курулуп жаткан имарат. Сүрөт УКМКга таандык.
Жер тилкеге курулуп жаткан имарат. Сүрөт УКМКга таандык.

"Натыйжада "П" курулуш компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына жалпы аянты 996,18 м2, суммасы 127,6 млн сомду түзгөн 12 батирди акысыз өткөрүп берди", - деп жазылган маалыматта.

УКМК буга чейин жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Мурдараак Аксы районундагы борбордук базар, Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен борбордук автобекет, Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат жана Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы кабарланган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн жарыялаган.

Мекеме жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштерин улантып жатканын кабарлоодо. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG