Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Манасбек Самидинов “Манас” аэропортунун жетекчилигине кайрадан бекиди


Манасбек Самидинов
Манасбек Самидинов

“Манас” эл аралык аэропортунун акционерлеринин 25-апрелдеги отурумунда Манасбек Самидинов кайрадан аэропорттун директору болуп, үчүнчү мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлап, ага Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров, Бакытбек Бекбача уулу жана Аман Маматов кирди.

Манасбек Самидинов “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп 2022-жылы 7-июлда шайланган. 2023-жылдын 25-апрелинде экинчи мөөнөткө бекитилген.

Самидинов 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бажы иши факультетин аяктаган. 2020-жылы ушул эле окуу жайдын юриспруденция адистигин бүтүргөн. 2022-жылы “Компания Манас Менежмент” ишканасынын директору болгон.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG