Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Мадумаров өзүнө каршы соттук ишти аны мандаттан ажыратуу максаты менен байланыштырды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыккан соң журналисттерге өз иши тууралуу учкай комментарий берди. Ал өзүнө коюлган айыптарды башынан бери эле негизсиз деп атап келгенин белгилеп, жогорку инстанцияга кайрылууга дагы убакыт бар экенин билдирди.

“Карап көрөбүз, дагы убакыт бар. Адвокаттар менен кеңешип көрөбүз, андан соң кийинки аракеттерге өтөбүз. Мен эми эле чыктым. Баары алдыда. Мыйзамга ылайык, соттун чечимине каршы даттанууга чечимди колго алгандан 30 күнгө чейин убакыт берилет. А мен чечимди 16-апрелде колума алдым. Ошондуктан баары алдыда”, – деди ал.

Журналисттердин “мандатыңыз эмне болушу мүмкүн?” деген суроосуна депутат “Кыргызстанда бардык нерсе боло берет. Ушунун баары мандат үчүн болуп жатат” деп жооп берди.

Бишкек шаардык соту жана чечим кабыл алган Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун абактан чыгышы жана анын соңку билдирүүлөрү боюнча расмий комментарий бере элек.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечиминин күчүнө киргенине 30 күн болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG