Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Орусияда бизнестеги атаандашынын өлүмүнө айыпталган ишкер 17 жылга сыртынан соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бүгүн 26-апрелде бизнес-атаандашынын өлүмүнө айыпталган ишкер Олег Кан 17 жылга сыртынан эркинен ажыратылды. Приморье крайынын сотундагы териштирүүдө ал 2010-жылы атаандашы Валерий Пхиденкону өлтүрүүгө буюртма бергени, киллер аны беш жолу атып өлтүргөнү айтылды.

Сахалинде балык, краб уулоочу бир нече ири ишкананы негиздеген ишкер, «краб королу» атыккан Олег Кандын "Монерон" компаниясын Орусиянын Башкы прокуратурасы 2014-2015-жылдары краб азыктарын экспорттоодо баасын атайылап төмөндөтүүгө, бизнесмендин өзүн аткезчиликке айыптаган. Кылмыш иши козголгондон кийин 2018-жылы ал Орусиядан чыгып кеткен.

Быйыл март айында соттун чечими менен ишкерге «суу биоресурстарына келтирилген зыян үчүн» деп 358 миллиард рубль айыппул салынган. Кандын адвокаттары ал 2023-жылы Улуу Британияда каза болгонун айтышкан. Орусиянын Башкы прокуратурасы мындан күмөн санай турганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG