Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

“Фрунзе” дүкөндөрүнүн мурдагы ээси Жээнбеков менен экс-премьер Бабанов бири-бирин айыптады


Болотмамбет Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Скриншоттор алардын интервьюсунан жана видео билдирүүлөрүнөн алынды.
Болотмамбет Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Скриншоттор алардын интервьюсунан жана видео билдирүүлөрүнөн алынды.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 26-апрелде видео билдирүү таратып, “Фрунзе” дүкөндөр тармагынын мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбековдун айыптоолоруна жооп берди.

Болотмамбет Жээнбеков 24-апрелде эркин журналист Эламан Карымшаковго интервью берип, “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын саясатчы Өмүрбек Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан. Жээнбеков алгачкы дүкөндөрүн 2011-жылы ачканын, ал ийгиликтүү болуп, кийин жети түйүнгө жеткиргенин кеп кылган.

Жээнбеков 2016-жылы Өмүрбек Бабанов менен таанышып, аны менен инвестициялык келишимге жетишкенин, экс-премьер бизнеске каражат салып, дүкөндөрдү 100-150гө чейин жеткирүүгө убада бергенин баяндаган. Ишкердин айтымында, алар “Фрунзе” жоопкерчилиги чектелген коомун жаап, “Партнер Кей Джи” жана “Бизнес стандарт” деп эки ишкана ачышкан.

Компаниялардын 50% үлүшүнө Жээнбеков ээлик кылып, калган 50% үлүшү Бабановдун жакындарына өткөн. Өнөктөштөр алты жылда Кыргызстандын аймагында 47 дүкөн ачышкан, анын 41и ижарада болгон. Жээнбеков билдиргендей, компанияда башкы директор болгон анын бир тууган иниси Бакыт Аматов Бабановдун арызынын негизинде камакка алынган.

Ишкер Болотмамбет Жээнбеков өз сөзүндө 2020-жылы айрым келишпестиктерден улам Бабанов ишканадагы үлүшүн сатууну көздөгөнүн, бирок алар инвестор таба албай коюшканын тактайт. Жээнбеков ушундай шартта Өмүрбек Бабанов аны алдап, келишимдерди жасалмалап, анын 50% акциясын тартып алганын белгилеген. “Фрунзенин” ээси 10 млн долларга күйүп кеткенин айткан.

Өмүрбек Бабанов өзүнүн видео билдирүүсүндө мунун баарын четке кагып, тескерисинче Болотмамбет Жээнбековдун өзүн алдамчылыкка айыптаган. Экс-премьер гипермаркеттер тармагына ишкердин суранычы менен инвестор болгонун ачыктайт. Бабановдун айтымында, экөө иштешкенге чейин Жээнбековдо төрт дүкөн болгон жана анын баары банктарда күрөөдө турган. Саясатчы өнөктөш катары “Фрунзеге” 12 млн доллар каражат салганын, анын 4 млн доллары карызды жабууга кеткенин маалымдайт.

Бабанов компаниянын ишине кийлигишпегенин, бирок бухгалтер дайындап бергенин, ал эми Жээнбеков менен Аматов ишканадагы каражаттарды башаламан чыгарып кете бергенин кошумчалайт. Ал 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен соң киреше-чыгашадан такыр кабарсыз болгонун, бул тапта Жээнбеков “Фрунзеден” түшкөн каражатка өзү башка менчик дүкөндөрдү ачып алганын сөз кылды.

Өмүрбек Бабанов мындай шартта өзүнүн салган каражатын чыгарып берүүнү талап кылганын, бирок Жээнбеков менен Аматов ага инвестор таба албай коюшканын билдирет. Саясатчы ушундан соң көз карандысыз директор коюшканын, аудит компанияда уурдалган каражаттар көп экенин аныктаганын кабарлайт. Бабанов соңунда Жээнбековдун үлүшүн сатып алып, алардын каражаттарын чыгарып бергенден кийин компанияны толук өзүнө өткөрүп алганын айтты.

Тараптардын сөзүнө караганда, алардын талашы боюнча Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзгөн. Жээнбеков маселе райондук жана шаардык сотто каралып, Жогорку сотко жеткенин билдирет. Бабанов алгачкы инстанциядагы соттук кароолордон Жээнбеков утулганын кабарлайт.

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагы Кыргызстанда бир нече жыл мурда популярдуу брендге айланган. Соңку бир-эки жылдан бери аты “Азия” деп өзгөртүлүп, иштеп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG